Бишкек шаарындагы "Ош базарында" 4-декабрга караган түнү өрт чыгып, азыркы тапта жабырлануучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аймактык тескөөчүнүн маалыматына ылайык, кечээ базар жабык болгон. Ага себеп санитардык күн болгон. Ошондой эле кечээ өрт чыккан аймакта ширетүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.
Өрт 70 чарчы метр аянтты чапчыганы маалым. Азыркы тапта жабырлануучуларды милиция бөлүмүнө алып кетишти.
Белгилей кетсек, 4-декабрга караган түнү "Ош базарында" өрт чыккан. Өрт чыкканы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:39дар чамасында келип түшкөн.
Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.