"Кырк чоро" бирикмеси эртең, 8-мартта "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын Бишкектеги жүрүшүнө каршы митингге чыгат. "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, Кыргыз өлкөсүнө "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшкө чыгуусунун кереги жок.
"Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын жүрүшүнүн бизге кереги жок. Алардын мындай аракеттерин токтотуу керек. Ошондуктан эртең "Кырк чоро" бирикмеси, Бишкектеги "Кырк чоро" кошуундарынын балдары жана "Кырк кыз" бирикмесинин аялдар жамааты борбордук аянтка чыгабыз. Бизге мэриянын уруксатын алуунун зарылчылыгы жок. Анткени "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылы уруксат алыптыр, биз алардын аракетине каршы болуп гана чыгып жатабыз", - деди Көчөрбаев.
Аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мындай иш-чарасы Бишкекте 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.