"Мамкаттоонун төрайымы кызматтан кетти" деп тараган маалымат боюнча мекеме кызматкерлери жооп берди

Социалдык тармактарда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан кетти деген маалыматтар тарады. Муну тактоо үчүн бүгүн, 19-апрелде SUPER.KG порталы мекеменин бөлүмдөрүнө байланышып, андагы кызматкерлерден маалымат алды.

Алардын көбү бул тууралуу укпагандыгын, маалыматы жок экенин айтышты. Ал эми Шаикованын кабылдамасындагы кызматкер маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Жок, андай маалымат жок. Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеште отчёт берет эмеспи, Алина Кавылбековна азыркы учурда Жогорку Кеңеште. Эртең менен кадимкидей эле иш ордуна келип, андан кийин парламентке кетти", - дешти кабылдамадан.

Өкмөттүн расмий маалымат сайтында да ушул тапта мындай маалымат жок.

1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан