Самогон жасоочу аппарат, 76 телефон жана 3 Wi-Fi роутер. №1 түзөтүү абагынан дагы кандай тыюу салынган буюмдар табылды?

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 түзөтүү абагы текшерүүгө алынып, 76 уюлдук телефон табылды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүү бүгүн, 26-апрелде болгон.

Абактагы тыюу салынган буюмдарды жок кылуу максатындагы тинтүү иш-чарасына ЖАМКтын 400 кызматкери жана 100дөй аскер катышкан.

Табылган буюмдар:

340 грамм өзгөчө жыты бар марихуанага окшогон зат;

76 уюлдук телефон, анын ичинен 14ү иштебейт;

60 телефондун кубаттагычы жана 4 SIM-карта;

8 литр сыра;

2 иштебеген фотоаппарат;

48 ар кандай колго жасалган саюучу же кесүүчү буюмдар;

3 Wi-Fi роутер;

1 самогон жасоочу аппарат;

3 колго жасалган сейф.

"Ошондой эле абактын ичинде казылган жерлер табылган эмес. Бул алынган буюмдар боюнча кызматтык текшерүүлөр болот жана буюмдарды алып кирген атайын каналдар жабылат", - деп билдирет маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
haydarkan
2019-04-26 22:22:13
Алар ещё вай-фай менен отурушса керемет жашоодо жашашып жатышканго тамак ашын берет ач калдым ток калдым дешпейт. Ошон учун камалып чыкандар кайра кылмыш жасап кайра кирип кеткиси келетта
+9
Almaz75
2019-04-26 22:58:42
Вай фай пиво
+8
Bahabrat79
2019-04-27 03:59:11
Турганбаев келди дегенди билдирет.
+4
Take_men
2019-04-27 09:17:50
Bahabrat79, Мелис Аке жесткий адам. Караларга ушул адам туруштук берет. Министр ИИМ кылыш керек кайрадан
+1
tachkomur
2019-04-27 13:56:08
Эми билиштиби телефон бариекенин качантан бери барго чалып еле журушотко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан