СИЗО-1де камакта отурган Аида Саляновага 2 жолу "Тез жардам" чакыртылганы айтылды

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын абалы начар. Бул тууралуу анын аталаш сиңдиси Чынара Турдалиева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Саляновага СИЗО-1ге камакка алынган күндөн баштап ден соолугуна байланыштуу 2 жолу "Тез жардам" кызматы чакыртылган.

"Аида Салянованын жүрөгү ооруй турганы баарына эле маалым. Биринчи жүрөк оорусу иниси каза болгондо кармаган. Текшерүүдөн өткөндө дарыгерлер жүрөккө операция жасалышы керек деп айткан. Бирок сот иштери, башка дагы маселелери менен алышып жүрүп операцияны улам артка жылдырып келген.

Туугандары СИЗО-1ге кире албай жатабыз. Болгону жактоочу гана кирип чыгууда. Ал бүгүн кардиологдорду чакырып толук текшерүү жүргүзүү аракетин кылып жатат. Бирок азыр дарыгерлер кире элек. Себеби алар СИЗО-1ге кириш үчүн атайын документтер дагы толтурулушу керек экен. Учурда ошол документтерди топтоо аракеттерин көрүп жатабыз", - деди Турдалиева.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Аида Саляновага кечээ түнү "Тез жардам" кызматы чакырылбаганын айтты.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып, 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Catti-80
2019-06-14 15:55:31
Кылган нерсебизге баарыбыз жооп беребиз
+7
Bars88
2019-06-14 16:24:09
Биздин эшек минерлердин баары орукчанбы.Камалгандын баары каттуу ооруп калып атышатго
+8
Patirot
2019-06-14 16:30:31
Качан камалды деген де бары орукчан боло калат
+6
Take_men
2019-06-14 17:18:44
Рысалиев экөөнү бошоткула экөөнүн тең өтө катуу ооруйт деген справкасы бар
+2
Avrora2017
2019-06-14 18:00:44
А балким чын эле ооруп аткандыр, биз кайдан билебиз
-2
Sicilya
2019-06-14 18:16:30
Кыргыз элин ошондо бут эле оорукчандар башкарып жатабы?
+5
Aiman0303
2019-06-14 23:53:48
Олум жазасын киргизип койсо жакшы болот эле, оорудум андай болдум мындай болдум жок, баары таза иштемек.
Олбочудой байлык чогултушат атангору десе
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан