"Ленин ордендүү". Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлдү

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган жайдын аты Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүлдү.

"2021-жылдын 22-февралындагы №57 токтомуна ылайык, "Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын" деген сөздөр "Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын", - деп жазылат өкмөттүн токтомунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-03-01 13:27:59
Өзгөргөнгө чейин кандай болчу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан