Американын Бостон шаарындагы жардыруу боюнча дагы бир кыргызстандыкка айып тагылууда

Кыргызстандык 23 жаштагы Хайрулложон Матанов “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, америкалык тергөөчүлөр Х.Матановду далилдерди жок кылуу жана жалган маалымат берүү боюнча күнөөлөп жатышат. “Ал террордук чабуулга негизги айыпталуучулар Жохар жана Тамерлан Царнаевдер менен достук мамиледе болгон. Бирок суракта муну танган”,- деп айтылат чет өлкөлүк басылмалардын маалыматында. Мындан тышкары Х.Матанов АКШнын Массачусетс штатынын Квинси шаарында иштегени белгилүү болду.

Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ACAH_AKA
2014-06-02 14:12:06
Кыргыз деп атоого болбойт кыргызда хойрулложон деген ат жок обек же тажик же дагы бир палакат да.
+3
acer11
2014-06-02 14:34:06
ACAH_AKA, кандай болгондода Кыргыстандык болуп жатпайбы.
-3
Erhan
2014-06-02 15:18:47
acer11,Кошуналар кобуроок акча берип коюшса,бизде паспорт жасап бериш ото оной.Террорчулук ишке кадам таштап жаткан адам,бир кана озун ойлобостон,артында калган туугандарын да ойлойт.Озбекстандын жараны террорист болгон болсо,Каримов уй-булосун бир тундо кырып салат.Биздикилерга акча болсо болду,биз сатканды жакшы коробуз,эртенки кунду ойлобойбуз.Хайруложон деле биздин паспортту сатып алгандыр,ким жаман кыргыз жаман.Тергоочулор бул кыргызстандык озбек,же тажик экен деп отурушпайт.
+2
ACAH_AKA
2014-06-02 17:23:43
acer11, ойлоп корсон хайрулло деген кыргызды уктун беле?
Кыргызстандын паспортун алып кой терисин жамынган карышкыр да кыскача айтканда.Кыргызстандык деп баш оорутпай эле койуш керек андай терорлорго
+1
Evrazia.
2014-06-02 15:05:42
Ушундай кумалактар олконун атын булгайт да.
+1
gulperi.kg
2014-06-02 21:42:05
Камап турмодо чирисин эми
+1
admin_portal
2014-06-03 11:30:39
ACAH_AKA - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
mikeno
2014-06-03 12:11:39
Каяктагы ар жактан качкан террорист, издоодо жургондордун баарына паспорт бере берсе ушундай болот да аягы. Кыргызстандык болот. Акчага баарын сатпай каты козомолго алыш керек. Дагы канчасы журот Кыргызстанда бир Кудай билет? "Кыргызстан Наш общий дом"- деген нерсени колдонбош керек. Жеке менин оюм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан