Светтин өчкөндүгүнө карабай кыргызстандык хирургдар кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасашты

Электр энергиясынын өчүп калгандыгына карабай кыргызстандык хирургдар кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операцияны ишке ашырууга мажбур болушту. Бул тууралуу 11-октябрда Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдраманов интернеттеги өз баракчасына жазып чыкты.
"Ушундай ыңгайсыз шарттарда иштеп жатабыз. Бул кылмышпы же баатырдыкпы? Эмне кылабыз? Свет жок, бейтапты калтырып коёлубу же коркунучтарды эске алып операцияны уланта берелиби? Качан бизге ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет?!"- деп ачууланды профессор.
Айта кетсек, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү абдан аз болгондуктан, жалпы республика боюнча электр энергиясынын таңсыктыгы күтүлөт. Мындан улам президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө татаалдашкан энергетикалык кырдаал боюнча билдирүү жасаган.
Свет өчүп калганда кыргызстандык хирургдар телефондун колчырагы менен операция өткөрүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kamolovna
2014-10-13 11:45:50
иий кудай, ушундай кантип болсун, башкасын очурсо дагы больницаларды жон коюшпайбы???
+2
nasi00
2014-10-13 11:47:18
Азаматсыз Калдарбек мырза озун ишин так аткарган сиз сыяктуу инсандар кыргыз элинде коп болсун ишинизге ийгилик биз сиз мн сыймыктанабыз!
+3
tynara81
2014-10-13 12:05:16
Башкасын өчүрсө да ооруканалардыкын электр энергиясын өчпөй турган кылып койсо болот го. Чиновниктер ооруса чет өлкөгө барып дарыланып келет, операция мындай турсун. Бай чиновниктердин бизнеси болгон ишканаларда свет өчпөсө керек, үйлөрүндө тем более.
+5
NES1380
2014-10-13 12:18:20
Шордуу эле калк болдук го, башка мамлекеттерди карасан кичине да болсо алга жылып баратышат, а биз болсо наоборот таш доорун коздой баратат окшойбуз.
+7
deva
2014-10-13 13:07:26
генератор коюп беришпейби ооруканаларга, бала бакчаларга. Кээде бүгүн свет жок деп балдарды албай коюшат. Аргасыз жумуштан суранууга туура келет. Иши кылса бирдеме заман болуп жатат
+2
Frunze1
2014-10-13 14:45:17
Ооруканаларда жарык очпошу керек эч качан... Керек болсо Бакиевдин массалык жарык очуруу убагында да ооруканалардын жарыгы очурулчу эмес, деги биз кайсы коомдо жашап жатабыз, таш дооруна кайтып келдикпи кандай деги....
+5
myrza80
2014-10-13 14:50:55
Ошол пайдасы жок чиновниктердин светинин ордуна ооруканаларды очурбой койсо болмок,качанга чейин чыдаш керек озу?баканы да бассан бааак дейт,мумкунчулук болгондо 50жаштан жогору болгон чиновниктерди ХХХ ХХХ ХХХ...
-2
admin_portal
2014-10-13 14:58:20
myrza80 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
+1
Gulsara_1986
2014-10-14 11:27:36
дааа, "кудай буйруса онолобуз" деп атып, жоголуп кете жаздап калдык окшойт го
0
bakaika
2014-10-17 08:03:35
операциядан жакшыле чыгыптырбы анан? Ошол жонундо такыр маалымат жокко?
0
admin_portal
2014-10-17 10:16:52
baiysh0704, Looks,
Талкуудан алыстабагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан