Билим берүү жана илим министрлигине Эльвира Сариеванын талапкерлиги сунушталды

Бүгүн, 15-декабрда парламенттеги КСДП фракциясы билим берүү жана илим министри кызматына Эльвира Сариеванын талапкерлигин сунуштап, өкмөттүн кароосуна жиберди. Бул тууралуу фракция лидери Чыныбай Турсунбеков SUPER.KG порталына билдирди. Турсунбеков бүгүн эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына да талапкер карала турганын кошумчалады. "Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине талапкерди түштөн кийин карайбыз. Ал кызматка талапкерлердин ысымдары жыйында айтылат. Ошондой эле Эльвира Сариеванын ордуна да талапкер карайбыз",- деди Турсунбеков.

Эльвира Сариева учурда вице-премьер-министр кызматын аркалайт. 

Эскерте кетсек, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен, Канат Садыков билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулушкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан