Ош шаарындагы ун чыгаруучу заводдо суткасына 100 тонна буудай иштетилет

Ош шаарындагы ун чыгаруучу заводдон суткасына 100 тонна буудайдан биринчи жана экинчи сорттогу ундар чыгарылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда аталган ишкананын жетекчиси Токтомурат Юлчиев билдирди. 

"Заводдо иштетилүүчү чийки зат Казакстандан алынып келинет. Мындан сырткары жергиликтүү дыйкандардын буудайын да сатып алабыз. Азыркы тапта аталган заводдо 36 жумушчу эмгектенүүдө. Бүгүнкү күндө завод салмагы 50 килограммдык унду 1380 сомдон сатып жатат. Ал эми жылына 275,2 миллион сомдук товар чыгарууда",- деди Т.Юлчиев. 

Ошондой эле бул заводдун ишмердүүлүгү менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып кайтты. Анын айтымында, бул сыяктуу ишканаларды мамлекет тарабынан ашыкча текшерүү, жумушка тоскоолдук жаратуу болбош керек. 

"Шаар ичиндеги ар бир мекеме-ишканага бизден эмне керек болсо, биз алардын талабын орундатып берүүбүз абзел. Бул кезге чейин бардык завод-ишканалар бизден электр энергиясын үзгүлтүксүз берип турууну суранышты эле, ал орундалып, эч кандай өчүрүү болгон жок. Мындан ары да ишканаларга кандай шарт түзүп бере алабыз, мамлекеттен ишкерлер эмнени күтүшөт, баарын такташыбыз керек. Ишканалардын иштеп турганы, алар товар өндүрүмдүүлүгү жогорулаган сайын жаңы кызмат орундары түзүлүп, эл жумуш менен камсыз болууда”,- деди А.Кадырбаев.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан