Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 19 баш ири мүйүздүү мал кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-февраль күнү Аксы районунун Сазык аймагында кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрү жолугушкан. Анын жүрүшүндө өзбек тарап 6-февраль күнү алардын аймагына өтүп кеткен 19 баш ири мүйүздүү малды кайтарып беришкен.