Ысык-Көл облусунда "Ыйык көлүбүздүн тазалыгы" деген аталышта үч айлык өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган үч айлык 15-марттан 15-июнга чейин улантылмакчы. Анын алкагында Ысык-Көлдүн жээктери тазаланып, калктуу конуштарды жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Иш-чаранын негизги максаты жалпы коомчулукту тазалыкка үндөө менен анын жээктерин тазалоо, калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу болуп саналат. Айта кетсек, мындай иш-чара былтыр да өткөрүлгөн.