Бүгүн, 10-февралда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Тез арада жаштар керек!" деген аталыштагы бош орундар жарманкеси өтүп жатат. Ага миңден ашуун студент жана жумушсуз жаштар катышууда. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы
Камчыбек Досматов билдирди.
"Жарманкеге өлкө аймагындагы жана жергиликтүү жумуш берүүчү 25 ишкана катышууда. Анда жаштар үчүн өлкө боюнча жалпысынан 2 миңден ашуун бош орун коюлду. Бул жарманке жыл сайын өткөрүлүп келет. Учурда аны ар бир квартал сайын өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми жарманкенин негизги максаты - жумуш берүүчү ишканалар менен жумуш издеген жаштардын ортосунда аянтча түзүү. Бул жарманке аркылуу көптөгөн жаштарыбызды жумушка орноштуруп, аларга колдоо көрсөтүп жатабыз десек да болот. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, бүгүнкү жарманкеге катышкан студенттердин дээрлик бөлүгү ЖОЖдордун акыркы курстарынын студентери болууда",- дейт К.Досматов.
Маалыматка ылайык, жарманке Ош шаардык мэриясы, Жаштар комитети жана эл аралык уюмдар менен биргеликте өткөрүлүүдө.