Кыргызстанга 12-февралда кызамыкка жана кызылчага каршы 840 миң доза вакцина, башкача айтканда,
2835 килограмм салмактагы эмдөөчү каражаттар ЮНИСЕФ аркылуу алынып келинет.Республикалык эмдөө борборунун директору, иммунолог Жолдош Калилов SUPER.KG порталына кызамыкка каршы вакцина тууралуу буларга токтолду:
"Учак менен келген эмдөөчү каражаттар бажы аркылуу такталып, тийиштүү сертификат 18-февралга чейин алынат. Документ иштери бүткөндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгат. Андан кийин алгач 11-20 жаштагы жарандарды эмдөө башталат. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Аймактарга муздаткыч аркылуу жеткиргенге аракет кылабыз. Азыркы тапта запаста 17,5 миң доза бар. Кызамыкка жана кызылчага кабылгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарынан болуп жатат",- деди ал. Маалыматка караганда, учурда 5736 адам вирусту жуктуруп алган.