2015-жылдын 9-февралына карата Кыргызстанда кызамыкты жуктуруп катталгандардын саны 5736 адамга жетти. Алардын ичинен 5201 адам дарыланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 20-24-январь аралыгында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун эксперттери вируска каршы күрөшүү боюнча консультация беришти. Өкмөт тарабынан эмдөөчү каражат алуу үчүн 34,4 миллион сом бөлүнгөн. Вирустун алдын алуу боюнча 257 миң доза пайдаланылган. Кызамыкка кабылгандардын 28,3 пайызы - 20 жаштан жогоркулар, 32 пайызы - 10-19 жаштагылар, 5,8 пайызы - 5-9 жаштагы балдар, 12 пайызы - 1-4 жаштагы балдар жана 21,1 пайызы - 1 жашка чейинки балдар.