Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Каракол шаарында жеке менчик үйдө турабыз. Башында эки электр эсептегич (счётчик) койдурганбыз: бирин үйдө колдонуу үчүн, экинчисин үйдөгү жылытууну эсептөө үчүн. Электрик келип "бир эле эсептегич болот" деп бирөөсүн кыркып кеткен. Бирок жылытуу үчүн уруксат алып, эсептегич үчүн 1200 сом, коюп бергени үчүн 500 сом, уруксат үчүн 3000 сом төлөгөм. Эми эки эсептегичти минтип бириктирип кетти. Орто жолдо жөн эле акча төлөп кала бердим. Бардыгы келип электр энергиясынын кымбаттаганына такалды. Эптеп 700 киловатт-саат лимиттен ашырып, элден көбүрөөк акча өндүрүү деп ойлодум.
Суроом: Кайсы токтом менен, кайсы буйрук менен эки системди бир эсептегичке кошушту жана акчамды кайра кайтарып алсам болобу? Суроо калтырган future_kg.
Суроого Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов жооп берди. Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.