10-февралга карата Ош шаарынын аймагында кызамык оорусун жугузуп алгандыгы боюнча шектүү катары 26 жаран катталып, алардын ичинен 8 адам ооруга кабылганы аныкталды. Маалыматка караганда, шаарда илдетке байланыштуу алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.Ош шаарынын Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын милдетин аткаруучу Айчүрөк Келдибекова: “Ооруну жугузуп алганга шектүү катары каттоодо тургандардын 11и 1 жашка чейинкилер болсо, 1-4 жаш курактагы балдардан 4, 19 жашка чейинкилерден 8 бейтап катталган. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланышууда. Ал эми 316 адам оорулуулар менен байланышта болгондугу үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары шаар боюнча 75,7 миң адам кызамыкка каршы текшерүүдөн өткөрүлдү. Кызамык оорусунун алдын алуу үчүн шаардын бардык аймактарында мобилдүү топтор түзүлүп иш алып барышууда. Бүгүнкү күндө атайын 30 койка даярдалып, ооруну жугузуп алгандар жана жугузганга шектүүлөр дарыланып жатышат”,- деди.