Ошто мектептерде зомбулукка жол бербөө максатында атайын акция, ачык сабактар уюштурулду

Бүгүн, 10-февралда Ош шаарындагы "Олимп" мектебинде “Зомбулуксуз мектеп” аталышындагы акция өтүп, зордук-зомбулукка кабылган балдардын абалын окуучулар өз колдору менен тарткан сүрөттөрү аркылуу көрсөтүп беришти. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, мектептеги рэкетчилик, класстагы окуучулардын бири-бири менен болгон келишпестиктери жана мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени оор учурга жеткирбөө боюнча лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары сабак учурунда окуучу балдардын денесинде так же жаракат байкалса, шишип же көгөрүп калган болсо, сөзсүз түрдө себебин так аныктап туруу мугалимдерге эскертилди. Жалпы мектептин окуучуларын ынтымактуулукка, мээримдүүлүккө жана боорукерликке үндөп, “Келечегибиз үчүн мектептеги зомбулукка жол бербейбиз!” деген темада тарбиялык ачык сабактар өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Ош шаардык ИИМдин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан