Талас районундагы "Жер-Үй" алтын кенинде 120 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар. Муну 10-февралда журналисттерге кенди казуу боюнча сынак өткөрүүчү комиссиянын төрагасы
Сыргабек Молдобаев билдирди. Анын айтымында, "Жер-Үй" - уникалдуу жай. Ошондой эле кенди казуучу жайдын инфраструктурасы даяр.
"Кен жайгашкан жайды сатып алган компания мурда инфраструктурасын куруп, дээрлик даяр кылып койгон. Жолу салынып, жогорку чыңалуудагы электр зымдары да тартылып калган. Сынактан утуп чыккан компаниянын карьерди казуу гана милдети турат. Калдык сактоочу жери да бар",- деди Молдобаев.Молдобаев алтын кендин буга чейин казылбай жатканына өкмөттү күнөөлөдү.
"Бул кен азыр соттук кароодо. Бирок сотту токтотуу керек экени айтылып жатат. Соттук ишти токтотпой эле, үстөк акчаларды күзгө чейин төлөп туруу керек. Анткени азыркы долбоордун пунктуна мурунку компаниянын кенди казуу үчүн буга чейин кетирген чыгымдарын төлөп берүүсүн милдеттендирүү киргизилип жатат. Же болбосо эки компания тынчтык жолу менен сүйлөшүп чечип алса болот. Анткени мурдагы компания жерди 49 жылга сатып алган. Жаңы компанияны бул жакка киргизбей коюшу да мүмкүн. Ал эми кендин 20 жылдан бери казылбай жатканына өкмөт күнөөлүү. Себеби башында эле аралашып, жергиликтүү эл койгон талапты аткарууну милдеттендирип, аткарып берип койсо, иштөөсүнө уруксат берилмек. Элге деле экологиялык зыян тийгизели деген жаман ойлорубуз жок, болгону алдын ала аралашып, талаптарды аткартуу керек",- деп кошумчалады Молдобаев.
Кен 15 жыл ичинде казылып бүтүшү мүмкүн экени айтылды.