Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок өзүнө келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
"Кечээ күнү баланы оорукананын жалпы дарылануучу бөлүмүнө котордук. Мындан ары анын жандандыруу бөлүмүндө калуусунун кажети жок. Ошол себептен улам аны жалпы бөлүмгө которуп, аны күнү-түнү атайын жалданган 3 дарыгер карамакчы. Ал дале эсине келе элек, бирок кичинеден тамак жутуп жатат. Сырткы нерселерге реакция кылып жатканы менен, ал эсине келген жок. Учурда ал рефлектордук реакция ("подкорковая") жасап жатат. Мисалы, үн чыгарсаң ал да үн чыгарып, бир жери ооруса гримаса (оозу-башын кыйшаңдатуу, мурдун чүйрүү) кылат. Анын көзү көрбөй же кулагы укпай калган деп айтуу азырынча кыйын. Бул ай дагы аны көзөмөлдөп, анын абалына жараша мындан аркы кадамдарды жасамакпыз. Азыркы учурда аны өзүнүн калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө",- дейт Т.Өмүрбеков.
Анын айтымында, бала башынан оор жаракат алып жана тиешелүү медициналык жардамсыз көп убакытка жатып калган. Адам эсин жоготкондон баштап канчалык тез убакытта жардам көрсөтүлсө, анын жакшы болушуна өбөлгө болот. Ал эми бул бала узак убакыт медициналык кароосуз жатып калгандыктан, анын өзүнө келүүсү оорураак жана узак болууда.
"Баланы караган 3 медициналык кызматкерге айлык акысын берүү үчүн акча жок болуп жаткан. Бүгүн калаанын вице-мэри жана Свердлов районунун акими өз чөнтөктөрүнөн керектелүүчү акчаны алып келип беришти. Андан сырткары бул балага жардам беребиз деген каалоочулар көп. Алар "Балдарды коргоо лигасы" бул балага ачып берген банктык эсепке гана которо алышат. Ал жакынкы арада коомчулукка жарыяланмакчы",- деп кошумчалады дарыгер.