Ош. "Жылына 1000ге жакын ар кандай күч-кубаттуу насосторду чыгарууга мүмкүнчүлүк бар" дейт ишкананын жетекчиси

"Жылына 1000ге жакын ар кандай күч-кубаттуу насосторду чыгарууга ишкананын мүмкүнчүлүгү бар",- деп билдирди “Насос завод-5” ишканасынын жетекчиси Жумабек Маматалиев. Бул ишкананын ишмердүүлүгү менен кечээ, 10-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев да таанышып кайтты. 

"Союз убагындагы техникалар иштеп жаткандыктан, жаңылоого муктаж. Ал үчүн инвестиция тартуу керек. Мындай кемчиликтин айынан учурда жылына болгону 10го жакын насос жасалып чыгарылууда",- деди Ж.Маматалиев. 

Ал эми Ош шаарынын мэри “Насос завод-5” ишканасына инвестиция тартуу үчүн мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

“Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү жетекчилери менен биргеликте заводдун бизнес-доолбоорун иштеп чыгып, Орусия өнүктүрүү фонду тарабынан берилүүчү грантка сунуштайлы. Эгер заводдун иши жолго салынып калса, сиздерден чыккан продукцияны коңшу өлкөлөргө сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары калаа тургундары жаңы жумуш орундары менен камсыз болушат. Ошондуктан биз инвестиция тартууга бардык аракетибизди жумшайбыз. Союз мезгилинен калган чоң заводдордун ичинен саналуусу гана учурда иштеп жатат. Алардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу - биздин негизги максаттарыбыздын бири”,- деди А.Кадырбаев.

Маалыматка ылайык, “Насос завод-5” ишканасында 52 кызматкер эмгектенет. Ишкана жылына 45 миллион сомдук продукция өндүрүп, алар тоо-кен тармагында сууну сордурууга, дыйкан чарбага суу пайдаланууга, электр насосторун оңдоо, түрдүү металл конструкцияларын чыгарууга багытталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан