Жогорку Сотто “Нурлан Амановду өлтүргөн” деп шектелгендердин баш коргоо чарасы каралып жатат

Жогорку Сотто “Нурлан Амановду өлтүргөн” деп шектелгендердин баш коргоо чарасы каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Нурлан Амановдун жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, Жогорку Соттун алдында кылмышка шектүүлөрдүн жакындары менен Амановдун жакындары сот чечимин күтүп жатышат.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январына караган түнү Сокулук районунун Конуш айылында Нурлан Аманов тургундар тарабынан сабалып каза болгон. Тургундар Амановду “ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп, 1972-жылы туулган Рустамбек аттуу айылдашын зордуктаган” деп айыпташкан. Бул боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган, бирок аларды Сокулук райондук соту үй камагына чыгарган. Буга макул болбогон маркумдун жакындары жогорку инстанциядагы сотко кайрылышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан