Жер астындагы нефть калдыктары Ысык-Көлгө коркунуч жаратары айтылды

Балыкчы шаарындагы мурда нефтебаза жайгашкан жер кыртышында калган нефть калдыктары Ысык-Көлгө коркунуч жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына “Алейне” экологиялык кыймылынын төрагасы, профессор Эмил Шүкүров билдирди. 

Анын айтымында, көл тарапка акырындап жылып бараткан жер астындагы нефть калдыктары Ысык-Көлгө жетсе, анда жашап жаткан жандыктарга кедергисин тийгизет.

“Бул көйгөй нефть казып алуу технологиясын туура эмес колдонгондон пайда болгон. Ага 20 жылдай болду. Көйгөйдү чечүү үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги мурдагы нефтебаза жайгашкан булганган жер кыртышын казып алып, Чүй дарыясынын бассейнине алып келебиз дешкен. Бул туура эмес чечим. Анткени булганган калдыктар Чүй дарыясына жайылып, аны булгайт. Ал ыкмага сын айтылып, токтотулган. Биз нефть калдыктарын жеген маданий бактериялык ыкманы колдонууну сунуштап жатабыз. Атайын бактериялар калдыктарды жегенде көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгарылып, жер семирткичтер пайда болот. Бул дүйнөлүк экологиялык уюмдардын тажрыйбасынан алынган. Буга мамлекет бийлиги колдоо көрсөтүп жана ошол аймакты толук тазалап бүткүчө айыл чарба иштерин жүргүзбөө үчүн Балыкчы шаарынын бийлиги жерди бөлүп берип туруусу керек”,- деди Э.Шүкүров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur45
2015-02-11 11:57:40
Туру айтып жатат. Коргоо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан