"Бишкекте көз дарыгерлери катачылык менен баланын ооруган көзүнө эмес, соо көзүнө операция жасашкан" деген маалымат чындыкка дал келбейт". Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун көз-микрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Нарын Асаналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган ооруканада коомчулукка тараган маалыматты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
"Бүгүн айрым маалымат булактарына "Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эки дарыгери катачылык менен баланын соо көзүнө операция жасашкан" деген маалымат чыккан, бул нерсе калп. Биздин ооруканада чынында эле 8 жаштагы бала жатат. Бирок дарыгерлер тарабынан эч кандай катачылык болгон эмес. Андай туура эмес маалыматты ал баланын туугандарынын бири таратып жатат.
Кечээ да ал милиция кызматкерлери менен келип, ооруканада ызы-чуу кылган болчу. Операция жасалган бала эки көзүнүн тубаса катарактасы менен төрөлгөн. Ал биздин ооруканага 9-февралда түшкөн, 10-февралда ага операция жасалды. Баланын бир көзү такыр көрбөй, ал эми экинчисин ак баса баштагандыктан, дарыгерлер анын жакшыраак көргөн көзүнө операция жасашкан. Учурда баланын операция болгон көзү мурункудан жакшы көрүп жатат. Ага баланын ата-энеси да ыраазы болууда",- дейт Н.Асаналиев.
Дарыгер таратылган туура эмес маалыматтардын айынан айрым жетекчилер ээлеген кызматтарынан айрылып калышы мүмкүн экенин кошумчалап, мындай көрүнүштөр ак халатчандардын аброюна шек келтирерин айтты.
Айта кетсек, бүгүн маалымат булактарынын бири милицияга арыз менен Бакай-Ата районунун тургуну кайрылганын жазып чыккан. Анда аталган борбордун офтальмология бөлүмүнүн жетекчиси жана Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкери туура эмес операция жасагандыгы үчүн камакка алынгандыгы айтылган.