Күндүн кескин жылышынан жана арыктардын жоктугунан Ала-Тоо конушундагы турак жайларды суу каптады (фото)

2015-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Ала-Тоо жаңы конушундагы чоң жолдун жээгине суу толуп, жашоочулардын турак жайларына чейин каптап кеткен. Мындай көрүнүш аба ырайынын кескин жылышынан улам болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү жашоочуларга тоскоолдуктар жаралганда, алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин жардамга чакырышкан. Окуяны жеринен иликтөө учурунда мындагы суулардын толушу тургундардын өздөрүнүн көңүл бурбастыгынан улам келип чыкканы маалым болду. Андан сырткары кыш бою эшик алдыларынан тазаланган карлар бир жерге үйүлүп, эшик алдыларында арыктардын жоктугунан кардын суулары кайра турак жайларын каптаган. Ошондой эле бул жайда суу өтүүчү арыктар жана каналдар жок.

"Негизи, республикабыздын аймагындагы турак жайларды сел каптаган көп учурлар жарандардын эшик алдындагы арыктарын тазалабагандыгынан, жергиликтүү бийлик калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүнөн улам болорун адистер айтып келишет",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-февралда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөр менен аймактык башкармалыктардын жетекчилерине чукул жыйын өткөрүп, февраль айы жылуу жана жаан-чачынга мол болуп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, сел жана суу ташкындарын пайда кыларын эскерткен. Ошого байланыштуу кырсыктардын алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырган.   

Ала-Тоо конушун суу каптады
Ала-Тоо конушун суу каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
stimyl.kg
2015-02-11 13:53:11
Таза эле балээ болдуго кыргызыма ар тараптан.
0
altynaiB
2015-02-11 15:32:22
Элдер оздору эле ашар топтоп бир аз арык салып агызып жиберишпейби уйуно кирип кеткинче карап отура беришпей. Бала чака деле кантип кун корот мындайда.
+3
Bella-life
2015-02-11 17:50:54
новостройкаларда жолдун эки тарабында арыктар корунбойт, керек болсо айылда ошондой арыктар бар, каалайсынбы каалабайсынбы жылына бир жолу трактор келип улам из салып турат.
Бул озубуздун тузгон удобствобыз, элдер озулору деле ошону айыл окмотуно айтса кылышат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан