2015-жылдын 11-февралынан 13-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат.
Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.