11 жыл бою дайыны чыкпай келген кыргызстандыктын паспорту эски болгондуктан, мекенине качан кайта турганы белгисиз

11 жыл бою дайыны чыкпай келген кыргызстандык жаран Муса Маматовдун паспорту 1994-жылдын үлгүсүндө болгондуктан, мекенине качан кайтары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.

Анын айтымында, ал мигранттарды убактылуу кармоочу жайда отурат. "Аны менен бирге отурган 4 кыргызстандык жакында кетишет. Ал эми М.Маматовдун паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен экен. Мындан улам анын кетиши бир аз артка жылат. 1-мартка чейин депортацияланат деп күтөбүз. Аны мекенине жөнөтүү мамлекеттин эсебинен ишке ашырылат. Бирок анын дагы деле кете турган ою жок. Депортация кылып кетирбесек болбой калды",- деди коомдук ишмер.

Мындан тышкары ал учурда М.Маматовдун абалы бир аз жакшы болуп калганын белгиледи.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргызстандык Маматов Муса Карабаевич тууралуу маалымат чыккан. Ал 1964-жылы 13-февралда туулган, апасы Оштун Жапалак айылында борбордук мечиттин артында жашайт. М.Маматовдун айтуусу боюнча, апасы Калбү 84 жашта. Биринчи аялынан 2 уулу жана экинчи аялынан 1 кызы бар. Уулдары Данияр 24 жашта, Орозбек 22 жашта, кызы Аяна 19 жашта. 
Анын Бурятияда селсаяктар менен тентип жүргөндүгү да айтылган. Мекендештерибиз аны биринчи аялы менен сүйлөштүргөндө, ал айымды сөгүп, "кызымды тапмайынча мага чалба" деген. Андан соң Муса Маматов токойго жумушка кетүүнү көздөп, акыркы эки ай ичинде кайда экени белгисиз болгон. Диаспора өкүлдөрү менен байланышка чыккан анын кызы Аяна атасын издеп, өзү жашап жаткан Красноярск шаарына алып кетем деген. Кийин М.Маматов табылып, ага депортациялоо сунушталганда, өзүн өзү өлтүрүүгө даяр экенин айткан. Өткөн аптада анын жердештери ал мигранттарды убактылуу кармоочу жайда экенин билишип, ага үч сыйра кийим жана акча беришкен.

11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргызстандыкка Орусиядагы жердештери жардам көрсөтүшүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ainuska00
2015-02-11 16:48:03
Ушул кишинин окуясы сериал болду го
+1
Angelina.9404
2015-02-14 11:52:14
Якутияда кыргыздарда кун жок, документы туура болсо дагы, болбосо дагы камап, штраф толотуп, депорт кылып атат.Жогору жактагылар май айында чечеби же дагы августка жылдырып коебу? Якутияда мырзаларды эмес кыз-келиндерди камап атат.1-2 ай мурун кирип алгандар акчасы жок же жумуш жок камалып жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан