Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Керме-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү калктын маселелерин укту. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында мэр элдин көйгөйлөрүн, маселелерин, кайрылуу жана сунуштарын укту. Ошондой эле ал өз кезегинде 2014-жылы шаардагы аткарылган жумуштар, жетишкендиктер жана алдыда аткарыла турган иш пландары туурасында айтып берди.
“Өткөн жыл шаар үчүн ийгиликтүү жыл болгондугун баса белгилегим келет. 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар калкынын көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерин мүмкүн болушунча чечүүгө аракеттер жасалды. Бул максатка жергиликтүү бюджеттен 71 миллион сомдон ашык сумма жумшалды. Мэриянын шаардын инфраструктурасын өркүндөтүү жана калктын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында мамлекеттик-жеке шериктештик принциби менен жүргүзүлүп жаткан ишмердиги ар тараптан колдоого ээ болууда. Жыл ичинде шаар тургундарынын демилгеси менен 164 объект оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул багытка жалпысынан 144 миллион 370 миң сом жумшалса, анын ичинен калктын салымы 23 миллион 75 миң сомду, ал эми донорлордун каражаты 89 миллион 829 миң сомду түздү”,- деп белгиледи А.Кадырбаев.
Аталган аймактык кеңештин тургундары шаар жетекчисине таза суу, жол маселелери боюнча суроо узатышты. Кадырбаев тургундардын суроолоруна так, тиешелүү жоопторун берип, айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Иш-чарага мэр, мэриянын өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактын тургундары катышышты.