Борбор калаадагы жалпы билим берүү мекемелеринде улуттук экономиканы бекемдөөнүн алкагында илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан 10-февралда билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов районундагы №33-мектеп-гимназиясынын базасында жана Биринчи Май районунун №70-гимназия-комплексинде илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.
Бул жумалыкка арналган иш-чаранын алкагында №33-мектеп-гимназиясында майрамдык концерт, “Илим жана экономика балдардын көз карашы менен” жана илимий-практикалык моделдер сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунун мугалимдери тарабынан сүрөттөөчү-прикладдык чыгармачылык, авиамоделдөө жана шахмат боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар Биринчи Май районунун мектептеринде да өткөрүлөт.
Илим, техника жана өндүрүш республикалык жумалыгы Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде жыл сайын февраль айында болот. Анын максаты - жаштардын илим алуусун өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасы өнүгүү үчүн сапаттуу билим берүүнү жогорулатуу. Аталган иш-чарага республиканын техникалык окуу жайлары, мектептери, Балдар чыгармачылык борбору жана Республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык балдар академиясынын окуучулары катышат.