Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган жылдардан кийин мектеп босогосун аттаган кыргызстандыктар Орусиянын Бурятия Республикасында патент алуу үчүн сынак тапшырганда, билимдин жетишсиздигинен кыйналышууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына аталган республиканын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
Анын айтымында, миграциялык саясат татаалдашып, 1991-жылдан кийин мектепте окуп баштаган балдардын билим деңгээли аябай начар экен. "Алар экзамен тапшыра албай жатышат. Айрымдары өз фамилияларын туура жаза албайт экен. Кээ бири үчүн грамматика, орусча оозеки сүйлөө жана логика суроолору кыйынчылык жаратып жатат. Эми биз тестирлөө жүргүзүп жаткан адамдардан "кыргызстандыктарга кичине жеңилдик кылгыла, анткени бизде гана орус тили - расмий тил" деп көндүрүп, жардам сурап жатабыз",- деди мекендеш.