Академик Сабыр Жумабеков казак кыздын бутун 18 сантиметрге узартты

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда академик, белгилүү ортопед Сабыр Жумабеков Казакстандын Шымкент облусунун Жаңы-Базар айылынан келген 18 жаштагы кыздын бутуна операция жасап, 18 сантиметрге узартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын апасы билдирди. 

Анын айтуусуна караганда, кызы Карлыгаш Курбанова 7 жашка чыкканда сол кашка жилиги ооруй баштаган. Врачтар текшерип көрүп, “остеомолит” (сөөктүн чирий башташы) деген диагноз коюшат. Ата-эне кызын дарттан айыктыруу үчүн Алматы, Ташкент, Орусия (академик Г.А.Илизаров атындагы Калыпка келтирүүчү травматология жана ортопедия илимий борбору) жана башка өлкөлөргө алып барып көрсөтүп, дарылатышат. 18 жашка чейин Карлыгаш башынан 8 операцияны өткөрүп, ар бир операция сайын ооруган буту уламдан-улам кыскарып жүрүп отурат. Акыры алар Сабыр Жумабеков тууралуу угуп, кызын алып келип көрсөтүп, ооруканага жаткырышат. 2015-жылдын 14-январында кызга операция жасалган. Кыздын кыска бутуна атайын темирден аппараттар орнотулуп, бут сөөгүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүлгөн. Операция жана карап-дарылоонун жыйынтыгында кыздын буту 18 сантиметрге узарган. Учурда үйүнө чыгарылган кыздын абалы жакшы.

Сабыр Жумабеков бул тууралуу: “Казакстандан Карлыгаштан соң операция үчүн келип жаткандар мурункудан да көбөйдү. Карлыгаш дагы 2 айдан соң текшерилгени келет. Учурда балдак менен басат, 6 айдан кийин чуркаганга жарап калат”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
zman53
2015-02-13 17:17:14
Кыргыздын накта нукура таланттуу жигити!
+5
aminausman
2015-02-13 17:28:13
Аллаh шугур ылайым эле жугуруп кет батыраак.
+1
aminausman
2015-02-13 17:29:22
Аллаh шугур ылайым эле жугуруп кет батыраак.
0
Ariet7
2015-02-13 17:37:28
Мен дагы бир казашка жонундо уктум эле ал дагы бутун узартыптыр Сабырбек байкеге келип .Бирок ал ооручу эмес экен жигити боюн кичинекей узартсан алам деп коюптур анан кыз аябай суйчу экен да баланы.акыры келип узарып барса жигити уйлонуп алыптыр уже башкага.
+2
jarkyn_jakta_jasha
2015-02-15 16:14:06
Ariet7,коюнчу. чын эле жигит учун бутун узартыппы??? соо бутуна операция жасаткан ошол кызга тан калдым. кокустан операция ийгиликтуу болбой калса не болмок....тообо
+1
milan_92
2015-02-13 18:20:48
azamatsyz sabyr jumabekov iwinizge iygilik
+1
bazar
2015-02-13 19:37:00
Карлыгаш эми кыргыздарды мактап кой ал жакта. Биз силер тарапка жумуш иштеп силерге жардамдашканы барабыз. Аа, казак агайындар бизге Көлүбүзгө эс алганы келет, ооруганы минтип эмделгени келет, Каркырадай жерибизди бердик, дагы деле менттериңерге жакпайбыз. Дагы эмне кылалы?..
+4
danyshman
2015-02-13 20:58:27
Сабыр Жумабекович сизге албан албан чоон ракмат айтабыз,жана сиз менен сыймыктанабыз.Ар дайым ден соолукта болунуз,ишинизге ийгилик ар дайым Кыргыз жигити ушундай болгонун таанытып журо бериниз.
+1
nazira1989
2015-02-13 21:16:10
Колунузга береке Сабыр ага,Аллахым сизге окшогон оз ишин журогу мн аткарган докторлорду кобураак берсе,кыргыз элим куландан соо жашап калмакпыз...(албетте бул менин чын журогумдон тилегим),машаллах...Ден-соолукта,бактылуууу болунуз.
+1
kama_future_millioner
2015-02-14 00:36:29
Кудай ден соолук берсин агайыбызгаа элибизге дагы далай кызмат кылсын
+1
tursunbaev2004
2015-02-14 13:53:20
Талантту врач ишине ийгилик
+2
Boldukan86
2015-02-14 20:22:30
ана сага. кыргыздар дагыда мээни иштете элекпиз. жакшы иштетсе мындан да акылдуулар чыгышат.
0
kg.sity93
2015-02-14 22:10:20
Сабыр Жумабеков агабыз Азамат экен.ишине ийгиликтерди каалайм
+1
Bella-life
2015-02-15 05:30:57
Бир буту абдан эле кыска экен, мындай чоң айырмачылык үчүн операцияга барса мейли.
Бирок кээ бир бою кыска адамдар 4-5.см узарткандан жашоо өзгөрбөйт, кодопеш болсоң да ички дүйнөң таза, бай болсо ошол сапат бийик көрүнөт
0
uulay
2015-02-15 09:57:06
Баалабаганыбыз мн Кыргызстанда коптогон кучтуу,мыкты врачтар бар.Ушул байкенин поколениеси кучтуу,билими жогору. Булар пенцияга чыгып кетишсе кандай болот билбейм. Бул байке буту тетири кайрылган балага да операция жасады беле?
+1
Ular91
2015-02-16 03:48:36
кудайым озу ден-соолук берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан