Өзгөндө жер алдынан чыккан суулардан улам эки турак жай коопсуз жайга көчүрүлөт

Өзгөн районунун Куршаб айылынын Поворот аймагынын 1-Май көчөсүндөгү автоунаа жолунун жогору жана төмөн жагында жайгашкан 13 турак үйдүн алдыларын жыл сайын жер алдынан чыккан суу каптайт. 12-13-февралда жаап өткөн жаандын кесепетинен да бул аймакты суу каптаган. Буга Өзгөн районундагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт-куткаруу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлгөн. 

14-февралда ӨКМнын Мониторинг департаментинин адистери Райондук жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшүп, Омок Оморбеков жана Канат Исраиловдун турак жайын коопсуз жайга көчүрүү боюнча чечим кабыл алышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан