Ош шаарында 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен үч социалдык мекеме, канализациялар курулуп, бир катар жолдор асфальтталып, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов билдирди.
Вице-мэрдин айтымында, жылдын биринчи жарымында эле Жапалак айылдык башкармалыгынын Тээке, Гүлбаар айылдарына 120 орундуу бир бала бакча курулуп, шаардагы №13-балдар бакчасынын имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу түп-тамырынан бузулуп, кайра башынан салынат. Ошондой эле Амир-Темир аймактык кеңешиндеги 90 орундуу балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп жана фельдшердик-акушердик пункттун курулушу башталат.
“2014-жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев эл менен болгон жолугушуулардагы суроо-талаптарды аткарып, шаардагы 27 үй-бүлөлүк жатакананы, 45 көп кабаттуу үйдү жылуулук системдерине туташтырып, 13 жаңы откана алынып келинди. Анын тогузу жергиликтүү бюджеттин эсебинен, төртөө мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынды. Эки бала бакчанын имараты толук курулуп, пайдаланууга берилди. Эскилиги жеткен электр тармагына көңүл бурулуп, 74 ар кандай кубаттуу көмөк чордондору алынды. Биз 2014-жылдын башында мындай чоң иштер ишке ашарын айтпай, бүткөндөн кийин гана эл өзү көрүп, баалап алган сыяктуу эле, быйыл да кандай иштер аткарыларын элге шардана кылбайбыз”,- дейт Ж.Ормонов.
Вице-мэр кошумчалагандай, 2015-жылы социалдык объектилерди куруу менен эле токтоп калбастан, жаңы жолдорду ачуу, Ленин көчөсүн улай асфальттоо, шаардын ортосунда жайгашкан үйлөрдү канализацияларга улоо иштери каралган. Мындан сырткары 6000 метр куб суу сактоочу резервуардын экөө жаңыдан курулуп, бирөө капиталдык оңдоодон өткөн соң пайдаланууга берилмекчи.
"Жылуулук тармагына да жаңы 6 заманбап откана алынып келет. Азыркы учурда Жогорку Кеңеш жана өкмөт менен биргеликте Ош шаарына бир катар имараттарды курууга акча каражатын бөлдүрүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө",- дейт Ж.Ормонов.