Орусия бийлиги Сахарово кыштагындагы Миграция борборундагы патент маселеси боюнча кыргыз элчилиги жиберген даттанууну карап, териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу 16-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
11-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус бийлигине кайрылып, Сахароводогу Көп тармактуу миграция борборунда “Кельт” жеке ишканасынын кызматкерлери патент алуу үчүн кезекке турган мигранттарга орой мамиле жасашарын айтып, нота жиберген болчу.
Маалым болгондой, патентке кезекке турган мигранттар патент алууда полиция кызматкерлери борбор алдына зымдан тосулган короого камап алып, иттер менен кайтарарын айтып даттанышып, элчиликке кайрылышкан.