Бүгүн, 16-февралда Билим берүү жана илим министрлиги коллегиялык жыйын өткөрөт. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда министрликтин 2014-жылдагы аткарылган иштери жана 2015-жылга белгиленген пландарынын аткарылышы талкууланат. Жыйынга министр Эльвира Сариева жана вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышмакчы.