Ош шаарынан Сириядагы согуштук аракеттерге кеткендердин саны арбын болгондуктан, бир катар ыкчам иш-аракеттер жүрүүдө. Буга сабатсыз дин ишмерлеринин да катыштыгы бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда маалымат жыйынында ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди.
“Айрым учурларда дин кызматкерлери тарабынан иш-аракеттер жүргүзүлгөндүгү тууралуу фактылар аныкталууда. Сирияга көбүнчө эч кандай маалыматы жок эле кетип жатышат. Бул алардын сабатсыздыгынан кабар берет. Азыркы күндө 200дөн ашуун кыргызстандыктын кеткени белгилүү. Алардын ичинен 30у аялдар экени аныкталган. Кеткендерин ичинен 22си каза тапкан. Ал жактан кайтып келгендерин баары жоопко тартылат. Учурда кайтып келгендердин баары суракка алынууда. Ал эми барып алып кайра келе албай жаткандар андан да көп”,- дейт Р.Мамбеталиев.