Кытай Эл Республикасынын Жаз күнүн майрамдоосуна байланыштуу Кыргызстан-Кытай чек арасы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 16-февралда билдирди. Маалыматка ылайык, “Эркеч-Там автожолу” өткөрмө пункту 13-февралдан 1-мартка чейин жабылып, 2-марттан тарта мурдагы режиминде ишин уланта баштайт. Ал эми “Торугарт автожолу” 18-февралдан 24-февралга чейин жабык болот. 25-февралда бул тилке аркылуу жарандардын, транспорттук каражаттардын жана оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө уруксат берилет.