Москвада катуу шамал жүрүүдө. Мындан улам Домодедово аэропортунда 17, Шереметьево аэропортунда 67 каттам кармалып турат. Бул тууралуу 16-февралда Орусиянын маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, 15-февралдан 16-февралга караган түнү 29 учактын учуу мөөнөтү артка жылдырылган. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул абал 16-февраль күнү да сакталарын жарыялады. Орусиянын Гидрометеорологиялык борбору мурдараак Москва аймагында болуп жаткан шамалдын деңгээли көтөрүлөрүн кабарлаган болчу.