Бишкекте жарандык активисттер селсаяктардын укуктарына байланыштуу акцияга чыгышты

13-февраль күнү БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанында даарат кагазы менен “Селсаяктардын укуктары кайда” деп жазып акция өткөрүлдү. Ал эми лозунгдагы жазууга суроо белгисин түшүрүүгө даарат кагазы жетпей калган. Бул тууралуу борбордун активисттери билдиришти. 

“Кыргызстанда адам укуктарын коргоп келген мамлекеттик органдарга, БУУ жана эл аралык бейөкмөт уюмдарга ушул суроону берели дегенбиз. Ар кандай эсептөөлөргө ылайык, өлкөдө селсаяктардын саны 3500гө барабар. Бирок алардын болгону 200-300ү гана кышкысын Бишкектин мэриясы тарабынан баш маана кылуучу жайга киргизилген. Шаардын кедей-кембагалдары акыркы 20 жылдан бери бир катар чечилбеген маселелери менен калып жатышат. Аларды дарылоо, алкоголизмден айыктыруу, социалдык камсыздандыруу, тамак-аш берүү жагынан куру кол калтырышууда”,- деп айтылат маалыматта.

Жарандык активисттердин айтымында, кийинки нааразычылык акциясы Конституциялык палатанын имаратына даарат кагазын ыргытуу менен өткөрүлмөкчү.

Маалыматта белгиленгендей, 25 жылдын тегерегинде Конституциялык палата шаардык кембагалдардын, селсаяктардын жана жетимдердин укуктарынын бузулушун жарытарлык карай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан