Ош шаарында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чара Ооган согушунда каза болгондорду эскерип, эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң асманга ок атылды. Оштун биринчи вице-мэри Замир Аскаров Ооган согушунда каза болгондорду эскерип туруу абзел экендигин айтты. Ошондой эле ал өз сөзүндө аталган согушка катышкандар жана анда каза тапкандар эрдик жасагандыгын баса белгилеп, Ооган согушунун ардагерлерине жана анда каза болгондордун жакындарына акчалай сыйлык жана Ардак баракчаларын тапшырды.
Иш-чарага биринчи вице-мэр Замир Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Ош шаарындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Байыш Юсупов, Орусиянын Ош шаарындагы консулу Александр Кудряшов жана Ооган согушунун ардагерлери жана апаатта каза болгондордун жакындары катышышты.