Бүгүн, 16-февралдан тарта Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда жайгашкан балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн атайын иш-чаралар башталды. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, бул иш-чаралар сергек жашоого үндөөгө багытталган долбоордун алкагында ишке ашырылат.
Анда АКШдан келген лыжа спортунун чеберлери балдарга кышкы спорт түрлөрү боюнча мастер-класстарды өтүшөт. Саамалык 16-18-февраль аралыгында “Чункурчак” лыжа базасында, 19-20-февраль күндөрү “Каракол” лыжа базасында орун алат.