Бүгүн, 16-февралда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жазгы талаа иштери менен жеринен таанышуу үчүн Баткен районунун Ак-Турпак айылында иш сапары менен жүрөт. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапарда Өзбекстандын Сох анклавында жайгашкан Сох дарыясындагы башкы суу тосмосун жергиликтүү элдин өтүнүчү менен Кыргызстандын аймагына жылдыруу, андан тышкары "Ганжак" насостук станциясын калыбына келтирүү маселесин Баткен облустук администрациясынын жетекчилиги жана жергиликтүү Суу пайдалануучулар ассоциациянын өкүлдөрү менен карап чыгууда. "Жер астынан чыккан суулардын деңгээлин түшүрүүчү дренаждын ичин тазалоого каражат караштырабыз",- деди министр.
Белгилей кетсек, "Ганжак" насостук станциясы 1984-жылы Кызыл-Бел айылында курулган, сугат аянты 600 гектарды түзөт. Электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 220 киловатт, узундугу 3400 метр төрт насостук агрегаттын үчөөсү иштечү. Бүгүнкү күндө трансформатордук көмөк чордон, электр кыймылдаткыч, насос, насостук агрегат иштен чыгып калган. Күч берип туруучу түтүк да чирип, жараксыз абалга келген.