Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 17-февралда Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, саат 09:30дан 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы Ак-Марал, Ак-Таш, Термечиков, Ак-Туз көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт.

Ал эми саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5, Учхоз, Васильевка (Комсомол, Фрунзе), Бирлик (Новая, Токторова) айылдарында жарык өчөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан