Ала-Арча суусунун жээгиндеги мыйзамсыз курулган 1 сарай жана 3 үйдүн дубалы алынып салынды

Борбордогу Биринчи Май районунун Заводской посёлок айылында Ала-Арча суусунун жээгиндеги 1 сарай жана 3 үйдүн дубалы алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 16-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Арча суусунун жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар курулуп, дубалдар көтөрүлгөн. Бирок мыйзамсыз курулуштар Ала-Арча суусунун жээгин тазалоодо кыйынчылыктарды жаратканына байланыштуу алынып салынды.    

Аталган курулуштар техника өтө турган жолдорго салынып, суу каптоо коркунучун жаратып турган. Биринчи Май райондук администрациясы, Бишкек шаары боюнча ӨКМ, Бишкек шаарынын Жеке турак жай куруу департаменти жана кварталдык комитеттер менен биргеликте 2012-жылы Заводской посёлок конушунун тургундарына мыйзамсыз курулуш иштерин өз ыктыяры менен алып салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан 7 дубал жана 4 чарба курулушун алып салуу боюнча 11 жазуу түрүндө эскертүү берилген. Аталган эскертүүлөр аткарылбагандыгы үчүн департамент тарабынан административдик протокол түзүлүп, Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жиберилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башчысы аталган мыйзамсыз курулуштар конуш тургундарына кооп жаратарын белгиледи. “Сайдын жээги менен үйлөрдүн аралыгы 6 метрден кем эмес болуш керек. Бул жерде техника өтө турган жолдорго да дубал куруп алышкан. Эгерде суу көтөрүлсө, бул жерди да каптап кетүү коркунучу бар”,- деди Болот Аманбеков.

Аталган иш-чарага Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Жеке турак жай куруу департаментинин башчысы Самарбек Болотбеков, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башчысы Болот Аманбеков, Жеке турак жай куруу департаментинин жана РИИБдин кызматкерлери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azura
2015-02-16 16:06:14
Эн туура кылган.так и надо
Суу каптап кетсе анан ызылдап отурушат.мыйзамсыз салып алгандары менен иши жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан