Нарын облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырымында (Бейше-Булак тилкеси) жардын бөлүкчөсүнүн түшүү коркунучу пайда болгондуктан, кырдаалдын кесепетин жоюу максатында 19-20-февраль күндөрү аталган аймакта жардыруу иштери жүрөт. Буга байланыштуу Нарын-Бишкек жол каттамы белгиленген убакыттарда жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Нарын тараптан Бишкек тарапка жол жүрүүчү автоунаалар үчүн жол саат 10:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта жабылат. Ал эми 20-февраль күнү Бишкек-Нарын жол каттамы саат 8:00дөн 18:00гө чейин жабылат.