Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн десанттык бөлүкчөлөрүнүн ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү болду

13-15-февраль аралыгында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн десанттык бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы эл аралык кызматташтуу маселелери боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга Орусиянын десанттык аскерлеринен турган өкүлдөр полковник Александр Лебедевдин жетекчилигинде катышты.

Буга чейинки конференцияда тараптар достуктагы армиялардын десант-аскерлерин даярдоонун ыкмалары жана формалары менен таанышышкан. Орусиядан келген коноктор орус армиясынын аба-десант даярдоосундагы жаңы киргизүүлөр, десантчы-аскерлерди күжүрмөн жана дене тарбиялык жактан даярдоодогу ыкмалар жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле конференциянын алкагында 714-аскер бөлүгүнүн базасында уюштурулган аба-десанттык даярдоо боюнча көрсөтмө аткаруулар тартууланды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан