Өсүп келаткан жаш муундун патриоттук сезимин арттырууга багытталган "Апамдын наны" акциясы болуп өттү

"Ала-Бука" чек ара отрядында “Апамдын наны” акциясы уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн, 16-февралда билдиришти. 
Маалым болгондой, иш-чара Ала-Бука районундагы активист аялдардын жана аталган чек ара отрядындагы аялдар кеңешмесинин демилгеси менен ишке ашырылып, аны ишкер аялдар колдоп беришкен. 
“Апамдын наны” акциясы - Мамлекеттик чет ара кызматы жыл сайын өткөрүп келген салтка айланган иш-чара. 
Бул жолу акциянын алкагында чек ара кызматкерлерине артисттер жана Ала-Бука районунун тургундары концерт коюшуп, майрамдык дасторкон даярдалып, белек тапшырылды.
Иш-чаранын бакшы максаты - жаш жигиттерди моралдык жактан колдоо жана өсүп келаткан жаш муундун патриоттук сезимин арттыруу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан