Билим берүү министрлигинин жыйынында окутуучулардын билим деңгээли төмөндөп кеткени сөз болду

Бүгүн, 16-февралда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйыны өттү. Анда 2014-жылы билим берүү жаатындагы: мектепке чейинки, мектепке даярдоо, мектептерде билим берүү, китептер менен камсыздоо, жалпы республикалык тестирлөө, мугалимдердин айлык акысы, жогорку окуу жайлар, илим тармагы боюнча маселелер талкууга алынды. Жыйында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өткөн жылдарга салыштырмалуу мугалимдердин деңгээли төмөндөп кеткенин билдирди. “2014-жылы мугалимдердин билим деңгээли боюнча отчёт тапшырылган, анда мугалимдердин деңгээли ылдыйлап кеткенин байкоого болот. Ал отчёт коомго чыкпай калды, аны алып чыгып талкууга коюшубуз керек”,- деди Ниязалиева.

Депутат Каныбек Осмоналиев окутуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө убакыт келип жеткенине токтолду. “Баткенде бала бакчаларда 3 бала бир керебетке жатат. Бул маселени чечүү - бүгүнкү күндүн талабы. Ошондой эле мугалимдердин маянасы көйгөй жаратууда. Бул маселени ушул жылдын март айына чейин чечүү үчүн президент Алмазбек Атамбаев Каржы министрлигине тапшырма берди. Бирок сентябрь айларына чечилет, анан да башталгыч класстардын окутуучуларынын айлыгы гана көтөрүлөрү айтылып жатат. Бул, албетте, туура эмес, каржы булактарын өкмөт таап, маселени чечиш керек”,- деди Осмоналиев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ainushka69
2015-02-16 20:30:13
Мектеп программасына озгортуу эчак эле керек болчу.9 эле жылдык жетиштуу го.Азыр 10-11 класстын окуучулары оздору деле тажап окуткан мугалимдери деле тажап калышат экен,эптеп тынч аман бутуп кетсе экен деп.Ал эми сааттарды азайтып айлыктарын кобойтсо,аз болсо да саз болмок.
0
Ainushka69
2015-02-16 20:41:00
Ал эми окуучуларды ар кандай кылмыштуулуктардын алдын алуу максатында,жашына жараша созсуз бир ийримге милдеттуу турдо катыштыруу керек,эч качан бош убактыларды калтырбастан.Бирок мектеп программасын кайталаган эмес,башкача айтканда тажатма эмес.Мисалы:шахмат,шашки,тогуз коргоол,соз онору,комуз гитара, вокал,бий ж.б толуп аткан ийримдер сыяктуу.
0
Xabibbullo
2015-02-17 02:28:19
Ээх кандай каякты эмнени ойлоносунар. Бироо 9класс эле жетиштуу анан сабактарды азайтыш керек дейт. Сабактардын сааты азайса жакшы окуйбу??? Наборот мугалимдик кесипти ото бийик денгелге коюп зарплатасын которуш керек мугалимдердин ошондо мугалим тытынып иштейт. Азыркы мугалимдерде билими оздорундо ааз жана зарплатасы тиги болсо эптеп убакыт откоруп баш аламан бут чоймой. Балдар кыздар башка коомбуз деп бут баары бири биринен кем калбай эрке.
0
Xabibbullo
2015-02-17 02:32:04
Мугалимдердин зарплатасын которуш керек жана ПедФак ПедУчилищанын мугалимдерин катуу козомолго алыш керек билими жок болсо айдап жонотуш керек. Биздин убакта мугалимдерден коркчубуз мугалим келе жатса ордубуздан тура калып кулуп жатсак мугалимди коргондо ыйлап ийчубуз. Азыркы мугалимдер коркот окучулардан. Бул кандай корунуш
+1
Xabibbullo
2015-02-17 02:36:08
Катуу согуш бергим келет билим беруу министрлигине. Эч нерсени карашпайт. Менин тааныштарым акча которуп жугурот сессияларына анан кайдагы билим алышат. Баары эле курсак тойгузгандар Кыргызмын Манастын тукуму Курманжан Датканын элибиз деп кокурок канабыз ээк аар деле жок бизде.
+1
zman53
2015-02-17 06:31:46
Бул айтылган соз,айтылган жерде эле калат.Окуу системасын реформалоо учун жакшы реформатор керек.1-ден андай реформатор жок,2-ден акча каражаты да жок.Бала бакчадан баштап жогорку окуу жайыны чейин коррупция ээлеп алган.1-ден Жогорку окуу жайындагы окуу системасын биздин талапка ылайык озгортуу зарыл.Жакшы кадрларды даярдамайын билим денгелин озгортуу мумкун эмес.Чогулуп алып жон эле суйлогондон пайда жок.
0
OTYPBARATYPELEEE
2015-02-17 11:43:32
ЖОЖдо акча берип сессиясын бутургон студент жарытылуу окута алмак беле мектепте. Окутса да айлыгын ойлоп ирээнжип арга жок мектепке келип кетмей да. Кээ бир чиновник менен депутаттар ошол мугалимдин эмгегиндей жумуш кылбастан килтейген акча алышат. Байкуш мугалим же бакчанын тарбиячысы таза мээнет менен бир ай нерви короп алганы эптемей акча. Адамдын мээнетин баалаганда гана баш аламандык азаят...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан