Ош. Окуучулардын олимпиадасынын шаардык туру жыйынтыкталды

Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык туру 14-февраль күнү өткөрүлүп, жыйынтыктары чыгарылды. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, олимпиаданын мурунку туру электрондук системде, тактап айтканда, компьютерде тест тапшыруу менен өткөрүлгөн. Бул жолку шаардык турда окуучулардын ар тараптуу жөндөмдүүлүгүн байкоо үчүн жазуу иштери боюнча суроолорду берүүгө көбүрөөк басым жасалды.

Дил баян жазуу, эсеп чыгаруу жана башка предметтер боюнча берилген суроолорго оюн эркин жазууга шарт түзүлгөн. Сынактардын жыйынтыктарын адилеттүү чыгаруу максатында калыстар тобун тандоого да өзгөчө көңүл бурулуп, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте өзү окуткан окуучуларга тартып койбош үчүн олимпиадага катышуучу окуучусу жок, мыкты мугалимдер тандалып алынды. Ошондой эле ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн байкоочу кеңеш түзүлүп, текшерүү учурунда такай көзөмөлгө алып турушту.

Алдынкы орунду ээлеген окуучулар республикалык олимпиадага катышуу үчүн даярдык көрө башташат. Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы ушул жылдын март айында өткөрүлүүсү пландалууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aika1405
2015-02-17 11:04:09
Эч кандай реальный болгон жок,бизде качан эле адилетту отчу эле,жаш балдарды да азыртадан коррупцияга жол корсотуп олдунорго.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан