Нарын шаарында Ооган согушунун 46 ардагери каттоодо турат

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында Ооган согушунун 46 ардагери каттоодо турат, анын ичинен үчөө аталган согушта майып болуп калгандар. Ошондой эле 2 курман болгон жоокердин үй-бүлөсү да каттоого алынган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   

13-февралда Нарын шаарында советтик жоокерлердин Ооганстандын чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы белгиленди. Бул күнү шаардагы Ж.Акималиев атындагы сейил бакта митинг-реквием болуп өттү. Анда сейил бактагы Ооган согушунда, Баткен окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Иш-чарага катышкан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ч.Абдыраимакунова, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, шаардык мекеме, ишканалардын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ооганчы-жоокерлерге мындан аркы жашоосунда чоң жетишкендиктерди каалап, кайгы аркылуу жеткен кубанычтуу күн менен куттукташып, чакан сыйлыктарын тапшырышты.

Жыл сайын 15-февралга карата Нарын мэриясы Ооган согушуна катышып келгендерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп, алардын үй-бүлөлөрүнө даректүү социалдык жардам көрсөтүп келет. Бул датанын алкагында шаарыбызда тематикалык кечелер, каармандык сабактар, мындан тышкары маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, каза болгон жоокерлердин жаркын элестери эскерилип келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан